Пятница, 22 ноября

«Империя пиццы» кафесине 21 миң сом айып салынды

0

«Империя пиццы» кафесине 21 миң сом айып салынды. Бул тууралуу мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору билдирет.

Билдирүүдө мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору уулануу боюнча маалыматты милицияга өткөрүп берип, мындан ары ишти укук коргоо органдары алып кетери айтылат.

Эскерте кетсек, Бишкекте 23-октябрдан 24-октябрга караган түнү 12 адам жугуштуу оорулар ооруканасына кайрылган. Жабырлануучулар шаардагы «Империя пиццы» тамактануучу жайынан тамактанганын айтышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз