Суббота, 23 ноября

«Империя пиццы». Уулангандардын саны 253 адамга жетти

0

Бүгүн, 27-октябрга карата «Империя пиццы» кафесиндеги тамак-аштан ууланып, Бишкек жана Чүй облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелерине жардам сурап кайрылгандардын саны 253 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бүгүнкү күндө 253 адамдын ичинен 60 киши ооруканаларда дарыланууда.

Алар:

— темир жол ооруканасында 19 жабырлануучу;

— Бишкек шаардык балдардын клиникалык ооруканасында 18 жабырлануучу;

— Улуттук госпиталда 23 жабырлануучу.

Алардын абалы канааттандырарлык. Калган жабырлануучулар медициналык жардам алгандан кийин үйдөн дарыланууга жөнөтүлдү.

Бишкек шаарындагы «Империя пиццы» кафелери эпидемиологиялык иликтөө иштери жүргүзүлгөнгө чейин жабылды.

Андан тышкары Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун кызматкерлери бардык тамактануучу жайларды текшермей болушту.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз