Суббота, 18 апреля

Франция мечиттерди жаап жатат

0

Францияда дагы 7 мечит жана бирикме «радикал исламизмди» колдойт деген жүйө менен жыл аягына чейин жабылмакчы.

Ички иштер министри Жералд Дарманин Аллоннес шаарындагы бир мечиттин «радикалдуу исламды» коргогону себептүү 6 айга жабылуу чечимине ыраазы болгондугун билдирди.

Мечиттин башкаруучуларынын банк эсептери да камакка алынганын белгилеген Дарманин, президент Эммануэль Макрон кызматка киришкенден бери 13 бирикменин жабылганын бөлүштү.

Дарманин жыл аягына чейин дагы 7 мечит жана бирикменин «жек көрүүчүлүктү» жайылтканы жана «радикал исламизмди» коргогону себептүү жабыла турганын белгиледи.

Өлкөдөгү 2 миң 500 мечиттин 92синин текшерилишинин натыйжасында 21 мечиттин жабылганын белгилеген Дарманин, 2020-жылдын сентябрынан бери 36 миң чет элдиктин коомдук тартипке коркунуч туудурган деген шылтоо менен өлкөдө  жашоого уруксаты жокко чыгарылганын белгиледи.

Бүгүнкү күнгө чейин Францияда мусулмандарга таандык көптөгөн бирикмелер ар кандай себептер менен жоюлган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз