Суббота, 18 апреля

Равшан Жээнбеков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталды

0

Борбордук шайлоо комиссиясы тергөө абагында отурган Равшан Жээнбековду бир мандаттуу №16 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер кылып каттады. Бул тууралуу боршайкомдун мүчөсү Кайрат Маматов билдирди.

Равшан Жээнбеков «Кой-Таш окуясы» боюнча кылмыш ишинде фигурант катары өтүүдө. Ал 2019-жылы камакка алынып, 2020-жылы октябрь окуяларынан кийин абактан бошотулган. Бирок ушул жылдын август айында кайрадан камакка алынган.

Жээнбеков шайлоо учурунда үгүт ишин кандай жүргүзөт белгисиз.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз