Россия Федерациясынын Коммунисттик партиясынан Мамлекеттик Думанын депутаты Валерий Рашкин мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 29-октябрга караган түнү Рашкин айдап бара жаткан унааны Саратов ООИБи менен Аңчылык жана балык уулоо комитетинин кызматкерлери токтотушкан.
Текшерүүдө унаанын багажынан союлган багыштын эти табылган. Депутат шериги экөө жаныбарды токойдон таап алышканын жана аны алып барып союуну пландап жаткандарын айткан. Ошол эле учурда Рашкин медициналык кароо актысынан баш тарткан.