Суббота, 23 ноября

«Талибан» кыймылынын лидери биринчи жолу эл алдына чыкты

0

Ооганстанды басып алган «Талибан» кыймылынын лидери Хайбатулла Ахунзада биринчи жолу эл алдына чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Хайбатулла Ахунзада 30-октябрда Ооганстандын түштүгүндөгү Кандагар шаарындагы Дарул Улум Хаким медресесине барган. Талибдердин лидеринин сүйлөгөн сөзүндө диний билдирүү гана болгон жана саясий билдирүүлөр болгон эмес.

Талибдер Ооганстандан америкалык аскерлер чыгарылгандан кийин бийликке келген. Алар бир айдын ичинде Ооганстанда бийликти басып алышкан. Талибан өкмөтү азырынча тааныла элек. Буга карабастан алардын лидерлери башка мамлекеттердин өкүлдөрү менен бир нече жолу жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүштү.

Хайбатулла Ахунзада 2016-жылы мурдагы лидер Ахтар Мансур учкучсуз аппараттан соккусунан жок кылынгандан кийин талиптердин лидери болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз