Понедельник, 20 мая

Талибдер Ооганстанда чет элдик валютаны колдонууга тыюу салды

0

Ооганстанда «Талибан» кыймылы жүгүртүүдөгү чет элдик валютаны колдонууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Ислам Эмираты бардык жарандарга, дүкөн ээлерине, ишкерлерге финансылык операцияларда ооган тилин колдонууну улантууну жана чет элдик валютаны колдонуудан алыс болууну эскертет», — деген кыймылдын өкүлү Забихулла Муджахид.

Бийликтин токтомуна ылайык, тартип бузгандар жоопкерчиликке тартылат. Буга чейин, Ооганстандын Борбордук банкы өлкөдө жетишсиздиги байкалып жаткан АКШ долларын сактап калуу үчүн акча которууларды улуттук валютада гана ишке ашыра турган жарлык чыгарган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз