Четверг, 25 апреля

Бишкекте 28 жаштагы жаран көпүрөдөн боюн таштоого аракет кылды

0

Бишкекте кечээ, 7-ноябрь күнү кечинде 28 жаштагы жаран көпүрөдөн боюн таштоого аракет кылды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

102 кызматына Алматы көчөсүндө жайгашкан көпүрөдөн белгисиз жаран секирүүгө аракет кылып жатат деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1993-жылы туулган Б.А. аттуу жаран көпүрөдөн өзүн таштоого аракет кылып жаткандыгы аныкталган.

Чакыруу менен келген милициянын кайгуул кызматкерлери секирүүгө аракет кылып жаткан жаранды куткарып калышкан», — деп билдиришти кайгуул кызматынан.

Кийин бул жаранды Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына жеткирип, туугандарын чыкырып, өткөрүп беришкен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз