Германиянын канцлеринин милдетин убактылуу аткаруучу Ангела Меркель кызматтан кеткенден кийин саясатка аралашууга ниети жок экенин ырастады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
«Эмне кылам деген суроого келсек… мен мындан ары саясат менен алектенбейм. Адегенде бир аз эс алам, анан оюма эмне келерин көрөбүз», — деген Меркель жергиликтүү басылмалардын бирине берген маегинде.
Белгилей кетсек, 26-октябрда Бельвю сарайында Ангела Меркель кызматын тапшырган. Ал өлкөдө жаңы өкмөттүн курамы түзүлгөнгө чейин мурдагы милдетин убактылуу аткарып турмай болгон.