Индия жана Шри-Ланкада нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен 41 адам көз жумду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, суу ташкыны Шри-Ланкада 25 адамдын өмүрүн алган. Алардын көпчүлүгү сууга чөгүп кетишкен.
Индияда нөшөрлөп жааган жаандан өзгөчө Ченнай шаары жабыркап, Тамилнад штатында 16 адам каза болду. Ошондой эле куткаруу тобу көпчүлүк райондордун тургундарын эвакуациялаган. Темир жол кыймылы жана билим берүү мекемелери жабык.
Жергиликтүү метеорологдордун айтымында, Индияда жакынкы күндөрү жаан жаашы күтүлөт.