ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына илинген Жаныш Бакиевдин сүрөтү алынган стенддин сүрөтү жарыяланды.
Буга чейин ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматында мурдагы жетекчилердин стендин ачуу аземи өтүп, анда стендге Жаныш Бакиевдин да сүрөтү илинген болчу. Бул интернетте катуу талкууга алынып, көп өтпөй ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы кетирилген кемчиликтер үчүн коомчулуктан кечирим сураган.
Анда кетирилген катачылык учурунда оңдолуп, стендден портрети алынганы жазылган.