Суббота, 23 ноября

Садыр Жапаров Азербайжан президенти Ильхам Алиев менен жолугушту

0

Садыр Жапаров Азербайжан президенти Ильхам Алиев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров учурда Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин саммитине катышууда.

Өлкө башчылары эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча маектешүү болду.

Мамлекет башчысы Ильхам Алиев менен жылуу учурашып, Кыргызстан менен Азербайжан чыныгы боордош өлкөлөр экенин баса белгиледи.

Ал Кыргызстан боордош азербайжан элинин ийгиликтери менен жетишкендиктерине ар дайым кубанарын белгиледи.

Садыр Жапаров мындан ары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саясий чөйрөлөрдө кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле, Президент Садыр Жапаров эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы мамилелерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Бул эки тараптуу сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, өз ара соода жүгүртүүнүн өсүшү үчүн эң жагымдуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз