Воскресенье, 24 ноября

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон жумушчу сапары аяктады

0

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 11-12-ноябрь күндөрү Түркия Республикасынын Стамбул шаарына болгон жумушчу сапары аяктады.

Саммитте мамлекет башчысы түркиялык ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, анда инвестициялык жана өндүрүштүк кызматташтыктын келечеги, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү, айыл чарба, тоо-кен жана жеңил өнөр жай, гидроэнергетика жана башка тармактарда өз ара аракеттенүү талкууланды.

Саммиттин аянтчасында Президент Садыр Жапаров Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан, Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну чыңдоонун актуалдуу маселелерин талкуулашып, жакынкы келечекте кызматташуунун пландарын белгилешти.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктаган соң, 13-ноябрь күнү эртең менен Бишкекке кайтып келди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз