Акылбек Жапаров Балыкчы-Каракол жолунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал узундугу 141 чакырым саналган Балыкчы-Барскоон унаа жолунун тилкесин барып көрдү.
«Бүгүнкү күндө мында 0-25 чакырымга чейин курулуш иштери жүрүүдө. Жер үстүндөгү иштер 90 пайызы бүткөрүлүп, жасалма курулуштарды (көпүрө, түтүктөр) куруу иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Иш аяктагандан кийин жолдун бул бөлүгү 4 тилкелүү эл аралык маанидеги жолго айланары күтүлүүдө.