Пятница, 26 апреля

Бишкекте көп тармактуу балдар ооруканасы пайда болот

0

Бишкектеги Республикалык дартты аныктоо борбору көп тармактуу балдар ооруканасына айланат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин юристи Азамат Жумакеев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин анализ жүргүзүлгөн, ведомствонун тиешелүү буйругу даярдалды.

“Борбордун кызматкерлери Улуттук госпиталга которулат”, — деп билдирди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз