Суббота, 20 апреля

Техникалык себептерден Кыргызстанга электрди импорттоо токтоп турат

0

Техникалык себептерден улам Кыргызстанга электр энергиясын импорттоо убактылуу токтоп турат. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда энергетика министри Доскул Бекмурзаев «Азаттыкка» курган маегинде билдирди.

Министр кошуна мамлекеттерде дагы ушул багытта тартыштык байкалып жатканын айтты.

«Кошуна мамлекеттерде дагы чоң тартыштык бар. Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Тажикстан дагы чектөөлөрдү киргизип жатат. Биз лимитти аргасыз, жарык менен отуралы деп киргизип жатабыз. Кошуна өлкөлөр, Орусия менен байма бай сүйлөшүп жатабыз. Анткени жайында аларга суу керек, бизге электр энергиясы керек. Токтогул суу сактагычынын бир тамчы суусун дагы бүгүн биз ирригацияга пайдаланбайбыз. Анын бардыгы кошуна өлкөлөргө, Өзбекстанга, андан ашканы Казакстанга кетет. Аларда дагы кыйынчылык болуп жатат. Азыр импорт токтоп турат. Өзүбүздүн генерация менен иштеп жатабыз. Өзбекстанда импорт келе турган линияда авария болуп, өздөрүндө тепловой станциясында ремонт иштери жүрүп токтоп турат. Биздин максат элди кыштан алып чыгуу. Бул техникалык маселелерди саясатка аралаштырбашыбыз керек», — деди Бекмурзаев.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз