Бүгүн, 16-ноябрдан тарта Бишкекте көмүр 3 миң сомдон сатыла баштайт. Бул туурасында Президенттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка караганда, көмүр Мурманск 1Б дарегинде сатылат. Узун кезек болуп калышы мүмкүн, ошол себептен ар бир үй-бүлөгө 2 тоннадан ашык сатууга болбойт деген чек киргизилди. Чектөө 1-декабрда алынат.
Эске сала кетсек, буга чейин Президент Садыр Жапаров Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишканасынын жанындагы жашоочулар менен жолугушуу маалында Бишкекте Кара-Кече кенинен казылган көмүрдү 3000 сомдон сатып баштарын билдирген болчу.