Суббота, 23 ноября

Ысык-Көлдүн бир бөлүгү музга айланды

0

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну, сүрөтчү жана жаратылышты сүйүүчү Алексей Иванов Түп булуңунун «биринчи кышындагы» сүрөттөрү менен бөлүшүп, муз астындагы балык уулоонун өзгөчөлүгүнө токтолду.

 

«Түп булуңу — Ысык-Көлдүн кышында тоңуучу бирден бир бөлүгү. Ноябрдын аягында тоңуп, апрелдин башында муздан арылат. Жай мезгилинде суунун температурасы 22-26 градуска чейин жетет. Булуңдун узундугу 18-20 километрди түзөт. Муздун калыңдыгы 3 сантиметрден 8 сантиметрге жетери менен балыкчылар «чалгындоо» үчүн музга чыгышат. Музду тешип, балык уулоо бакытыбызды күтүп отурабыз. Көбүнчө тыран (лещ) кармалып, көлдөн булуңга агып кетет.

 

Негизи балыктар курттарга жакшы кармалат. Бирок биринчи балык уулоо ийгиликтүү болгон жок. Бирок бул кышкы балык уулоодон, Ысык-Көлдүн таза абасынан ырахат алууга жана жаратылыш менен баарлашууга тоскоол болбойт. Балык уулоонун негизги максаты — бул жакшы маанай», — деп сөзүн жыйынтыктады Алексей Иванов.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз