Четверг, 25 апреля

Бишкекте прокурордун орун басары пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды

0

Кечээ, 17-ноябрда пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь районунун прокурорунун орун басары “А.А.Э.” кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка караганда, «А.А.Э.» кылмыш жоопкерчилигине тартамын деп коркутуу жолу менен, укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ доллар талап кылган. Кармоо учурундагы жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында прокуратуранын кызматкери тарабынан аталган сумманын 200 миң сомдон ашык бөлүгүн опузалап алгандыгы тууралуу материалдык жана документалдык далилдер табылды.

«А.А.Э.» КР Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда кармалган жарандын ушул сыяктуу башка мыйзамсыз фактыларга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз