Pfizer фармацевтикалык компаниясы жакыр өлкөлөр үчүн коронавируска каршы таблеткаларды чыгара баштайт. Ал вакцинага салыштырмалуу арзан баада болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Pfizer компаниясы БУУ колдогон уюм менен келишим түзгөн.
Белгилей кетсек, Pfizer компаниясы дарыларды колдонууга уруксат берилсе, жакыр өлкөлөр коронавируска чалдыккан адамдардын өмүрлөрүн сактап кала алат деп эсептейт.