Суббота, 23 ноября

БШК талапкер М.Шеримкуловго 7,5 миң сом айып салды

0

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Азаттык» партиясынан талапкер Медеткан Шеримкуловго айып пул салды.

Комиссиянын 21-ноябрдагы жыйынында талапкер Шеримкулов өзүнүн социалдык баракчасына орусиялык саясатчы Валентина Матвиенконун сүрөтү колдонулган видеону жарыялаганы белгилүү болгон. Партиянын өкүлү бул видеону жайгаштыруу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди.

Жумушчу топтун өкүлү шайлоо мыйзамына ылайык иш-чараларды өткөрүүгө жана башка өлкөнүн саясатчыларынын сүрөттөрүн колдонууга тыюу салынганын эске салды.

Жумушчу топ Шеримкуловду Бузуулар жөнүндө кодекстин 44-беренесинин негизинде 7,5 миң сом айыпка жыгууну сунуштады.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага бир мандаттуу округдар боюнча 291 талапкер жана 21 партия катышат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз