Пятница, 20 сентября

КСДПнын курултайы жабык өтүүдө

0

Алмазбек Атамбаев баштаган КСДПнын курултайы бүгүн, 6-апрелде Форум имаратында жабык өтүүдө. Курултайды чагылдырууга барган «Апрель» телеканалынын кабарчыларынан башка журналисттер киргизилген жок.

Курултайдын уюштуруучулары саат 12:30да жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө басма сөз жыйынын өткөрүү менен гана чектелери белгилүү болду.

Курултайга экс-президент Алмазбек Атамбаев да катышары айтылган.

Буга чейин «Атамбаевсиз КСДП» деп аталган кыймылдын башында турган Сагынбек Абдрахманов 3-апрелде КСДПнын курултайын өткөргөн. Анда чогулгандар Абдрахмановду партиянын жаңы лидери кылып шайлап, анын талапкерлигин бир добуштан колдошкон. Бирок ал курултайга Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын бир да депутаты катышкан эмес.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз