Среда, 24 апреля

Блогер Москвада такси айдаган кыргыз жигитине унаа белек кылды (видео)

0

Орусиялык белгилүү блогер Гусейн Гасанов Москва шаарында аны бекер жеткиргени үчүн кыргыз жигитине унаа белек кылды.

Блогер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына видео жүктөдү. Анда блогер адамдардын боорукердигин текшерүүнү чечип, акчасын унутуп калгандай түр көрсөтүп, таксисттерден аны бекер жеткирүүнү суранган. Ким бекер жеткирүүгө макул болсо, блогер унаа бермек. Бир нече айдоочу баш тарткан.

Ошол маалда таксисттердин бири Гасановду жеткирүүгө макул болгон. Жолдо сүйлөшүп бара жатып, айдоочу Кыргыз жараны экенин жана ал адамдарды бекер ташыган бул биринчи жолкусу эмес экендигин билдирген.

Айдоочу Москвада бир ай иштегени үчүн 40 миң рублга жакын киреше табарын айткан. Ал үй-бүлөсүн таштап келгенин айтып, өзгөчө кулагына операция жасатууга муктаж болгон кичинекей кызы менен апасын көбүрөөк ойлорун айтып берген.

Гусейн Гасанов айдоочудан аны авто борборго алып барууну суранып, ал жерден так эле ошондой унааны сатып алып, Кыргыз жаранына каттаткан.

«Жигиттер, чын элеби?» деп жаңы унаанын бактылуу ээси ишенбей ыйлап жиберди.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз