Пятница, 26 апреля

Өлкөдө мамлекеттик тил боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкты

0

Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» жаңы конституциялык мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Мыйзам долбоору коомдук талкууга 12-октябрда коюлуп, алар 22-ноябрда аяктаган.

Мыйзам долбоорунун фонунда кыргыз тили эгемендүү Кыргыз Республикасынын титулдук калкынын тили жана көрүнүктүү маданий баалуулуктар калыптанган эң байыркы тилдердин бири экени айтылат. Кыргыз тилинин Конституцияда мамлекеттик тил статусун белгилөө жана сунушталып жаткан конституциялык мыйзам долбоору менен анын мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө мамлекеттик тил катары кеңири жана толук кандуу колдонулушунун тартибин аныктоо Кыргыз элинин өзгөчөлүгүн сактоого жана улуттук маданиятты өнүктүрүүгө, тил саясатын тиешелүү деңгээлде өркүндөтүүгө негиз, деп белгилейт иштеп чыгуучу.

Сунушталып жаткан конституциялык мыйзам долбоору аны Конституциянын 13-беренесине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан, анда кыргыз тили Кыргызстандын мамлекеттик тили деп көрсөтүлгөн.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз