Пятница, 20 сентября

Түрк учактары Ирактагы күрт жикчилдерин бомбалады

0

Түркиянын согуштук учактары акыркы бир аптанын ичинде Ирактын түндүгүндөгү Күрдистан жумушчулар партиясынын  (ППК) орундарын төртүнчү жолу бомбалашты.

Түркиянын Күрдистандын жумушчу партиясына каршы “террорчулукка каршы” операцияларынын улантылышы менен өлкөнүн согуштук учактары аталган топтун Ирактын Кандил тоолорундагы орундарын бомбалады.

Anadolu агенттигинин маалыматына ылайык, Түркиянын согуштук учактары бейшемби күнү Зап жана Матина аймактарындагы Күрдистандын жумушчу партиясына тиешелүү бир нече баш калкалоо жайларын жана курал-жарак сакталган кампаларын бомбалап жок кылышкан.
Бул Түркиянын согуштук учактарынын акыркы жуманын ичиндеги ППКга болгон төртүнчү соккусу.

Түркиянын аба күчтөрү Анкара менен ПККнын ортосундагы тынчтык келишиминин бузулуусунун аркасында, 2015-жылдан бери Ирактын Күрдистан аймагынын түндүк аймагындагы жана Кандил тоолорундагы Күрдистандын жумушчу партиясынын орундарын бомбалап келет.
ППК тобу Түркия, ЕБ жана Америка тарабынан террордук топ д

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз