Воскресенье, 19 мая

Эсептөө палатасынын кызматкерлери кармалды

0

УКМК «Эйр Кыргызстан» ачык акционердик коому мамлекетке ири суммада зыян келтиргенин аныктады. Ошондой эле аталган компаниядагы коррупция фактысы белгилүү болду.

«Эйр Кыргызстандын» 100 пайыз акциясы мамлекетке таандык.
УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, Эсептөө палатасынын кызматкерлери авиакомпаниянын жетекчилиги менен сүйлөшүп алып, текшерүү иштеринин жүрүшүндө мамлекетке келтирилген 3 млн 160,9 миң доллар зыянды жаап-жашырышкан.

Ага байланыштуу Эсептөө палатасынын аудитору С.З. жана инспектору О.Ж. Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) 1-бөлүгү менен кармалды жана Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алынды.

Тергөө иши уланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз