Орусиянын Кемерово облусундагы «Листвяжная» шахтасында болгон кырсыктын кесепетинен 52 адам, анын ичинде алты куткаруучу каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, шахтадагы жарылуунун себеби коопсуздук эрежесинин сакталбашы болгон. Мындан улам метан жарылып, 52 адам каза болду. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кендин 47 жаштагы директору, анын 59 жаштагы биринчи орун басары жана 36 жаштагы участоктун жетекчиси кармалган.
Бул факты боюнча “Коркунучтуу өндүрүш объектилеринин өнөр жай коопсуздугунун талаптарын бузуу, байкабастыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Буга шектүүлөр жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
«Листвяжная» шахтасынын аймагында издөө иштери бүгүн, 26-ноябрь күнү таңга маал токтотулду. Шахтадагы метандын концентрациясы жогорулап жатат. Аймакта үч күндүк аза күтүү жарыяланды.