Пятница, 26 апреля

Кайра шайлоо өтөбү?

0

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда. БШКнын электрондук добуш санагынын жыйынтыгында:

«Ата-Журт Кыргызстан» — 16.
«Ишеним» — 13
«Ынтымак» — 10
«Альянс» — 8
«Бүтүн Кыргызстан» — 6
«Ыйман нуру» — 5 пайыз добуш алган.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллион ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Бирок добуштардын жыйынтыгын чыгарууда онлайн системанын бузулуп, кайра оңдолушу жана жыйынтыктар өзгөрүп кеткенине байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын ишине күмөн жаратты. Айрым партиялар жыйынтыкты тааныбай, аны жокко чыгарууну талап кылып жатышат.

Президент Садыр Жапаров нааразы болгон партияларга кайрылып,
бюллетендерди кол менен санап чыгууга катышууга чакырды жана дооматтар далилденсе, Боршайкомдун мүчөлөрү жоопко тартыларын билдирди.

БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова техникалык мүчүлүштүк болгонун, бирок ал добуш саноого зыян кылбаганын айтууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз