Пятница, 22 ноября

Галина Байтерек жол эрежесин бузгандыгы үчүн салынган айып пулду төлөдү

0

Президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек жол эрежесин бузгандыгы үчүн салынган айып пулду төлөдү.

«Кечээ, 29-ноябрда айып пулду төлөдүм. Айып пул боюнча кат эмне үчүн келбегенин тактадым. Мен жашаган жеримди алмаштыргам, ошондон болушу мүмкүн экен. Негизи айып пул боюнча кат келгенде мен дароо төлөчүмүн», — дейт ал.

Социалдык тармактарда президенттин администрациясынын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтеректин BMW X6 унаасынын сүрөтү жарыяланып, унаанын жол эрежесин бузгандыгы үчүн 8 миң сом штрафы бар экендиги жазылып, талкууга алынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз