Пятница, 20 сентября

THY  «Стамбул аэропортуна» мөөнөтүнөн эрте көчөт

0

THY  Ататүрк аэропортунан акыркы каттамын Сингапурга жасады.

Turkish Airlines (THY) авиакомпаниясынын «Стамбул аэропортуна» көчүү иштери 94% аяктады. Бул тууралуу «Анадолу» агенттигине  авиакомпаниянын башкы директору Билал Экши билдирди.  Анын айтуусунда, THY  Ататүрк аэропортунан Сингапурга жасады.

«Көчүү иштери алдын ала пландаштырылган мөөнөттөн мурда аяктайт. Азыркы убакытка чейин жумушта эч кандай үзгүлтүк болгон жок.  Эгер кандайдыр бир көйгөйлөр жаралбаса, анда көчүү алдын ала белгиленген мөөнөттөн эки-үч саат эрте аяктайт. Азыркы учурга карата авиакомпаниянын баардык жабдыктары жана тетиктери «Стамбул аэропортуна» жеткирилди, — деди Экши.

Мурда THYдин көчүүсү 45 саатка созулуп, 6-апрелде саат 23:59да бүтүш керек деп маалымдалган.  Стамбулдун үчүнчү аэропортунун ачылышынын биринчи этабы 2018-жылы 29-октябрында Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдогандын катышуусунда болгон.

Аэропорттун курулушунун биринчи этабын ишке ашырууга алты миллиард евро бөлүнгөн. Аэропорттун жалпы аянты 76,5 миллион квадрат метрди түзөт. Аэропорттун курулуш иштеринин башка этаптары жүргүнчүлөрдүн санынын өсүүсүнө карап 2023-жылга чейин ишке киргизилет.

Жаңы аба жолунда алты учуп-конуучу тилкелер, 500 самолет токтоп туруучу жай, 70 миң автомашинага ачык жана жабык токтоочу жай болот. Баардык курулуш иштеринин этаптары аяктаган соң Стамбулдун жаңы аэропорту дүйнөдөгү эң ири аэропортко айланып, күн сайын 200 миллионго чейин жүргүнчүлөрдү тейлейт.
Аэропорт дүйнөнүн 350 багыт боюнча 250 каттамдарын кабыл алууга эсептелген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз