Суббота, 27 апреля

Бир суткада 56 кишиден вирус аныкталып, 3 бейтап каза болду

0

Кыргызстанда 2-декабря карата коронавирус дагы 56 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 27, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 5 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 72 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 38, Чүй облусунда — 12, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 2, Баткен облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 2 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Чүй облусунда бир, Бишкек шаарында эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 389 бейтап, амбулатордук түрдө 432 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 460 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 404 киши айыгып чыкса, 2 миң 752 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз