Пятница, 26 апреля

Президенттин кеңешчиси: Шайлоо таза өттү, аны эл көрүп турат

0

Кандай болгон күндө да шайлоо таза өттү. Муну эл көрүп турат, деп билдирди президенттин кеңешчиси Чолпонбек Абыкеев.

«БШКнын катасы көз жаздымда калбайт. Бүгүн биз шайлоо процессин аягына чыгарышыбыз керек. Эгерде БШКнын мүчөлөрүн кетирсек, анда муну кыла албайбыз», — деди ал.

Абыкеев БШКнын сайтындагы маалыматтарды көрсөтүү таблицасынын бузулушун шайлоонун жыйынтыгына таасир эте турган ката эмес деп атады.

«Кол менен эсептөө аяктады, протоколдор серверге жүктөлүп жатат, дагы бир-эки күн талап кылынат. AЭC менен айырма аз эле», — деди ал.

28-ноябрда Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өттү. Шайлоо күнү БШКнын сайтындагы маалыматтарды көрсөтүү таблицасында ката кеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз