Вторник, 3 декабря

Эми Инандынын кайнисине кыргыз паспорту берилди. Ал мурда мамлекетке салык төлөөдөн качып, уруксатсыз үй куруп жүргөн

0

Түркиянын жарандарына, анын ичинде “Сапат” мектептеринин башчысы Орхан Инандыга кыргыз паспортунун мыйзамсыз берилиши боюнча соттук териштирүү уланууда. 2016-жылы Фарид Ниязов жетектеген Президенттин алдындагы Жарандык боюнча комиссия ондогон Түркия жаранына Кыргыз Республикасынын паспортун берүү чечимин кабыл алган. Бул ишке тиешеси бар Алмазбек Атамбаевге, Фарид Ниязовго иш козголуп, мурдагы премьер-минстр Сапар Исаковго издөө жарыяланган.

Анткен менен мамлекет жана коомчулук, бир эле Орхан Инандыга берилген паспорт маселесине көңүл буруу менен ФЕТО уюмунун мамлекетке канчалык коркунуч жарата тургандыгын көз жаздымда калтырууда. Гүленчилерди паспорттоштуруу канчалык кооптуу экенин көпчүлүк аңдабай келет. Кыргызстандандын паспорту гүленчилердин эмне ишине жарай тургандыгын ойлонуунун убактысы келди.

Биринчи кезекте кыргыз паспорту Гүлен тобу 30 жыл ичинде топтогон мүлктүн башка өлкөнүн жараны болгон гүленчилерге каттатууга мүмкүнчүлүк берүүдө. Башкача айтканда авто унаадан баштап жер тилкелери, турак-жайлар жана менчиктештирилген имараттардын Гүлен тобунун мүчөлөрүнө өткөрүүгө шарт түзүүдө. “Вефа” соода борборунун айланасындагы талаш-тартыштар буга мисал боло алат.

Экинчиден, кыргыз паспортун алган гүленчилер Кыргызстандын ички саясатына аралашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууда. Фетхуллах Гүлен менен байланышы бар, анын Кыргызстандагы кызыкчылыгын коргогон саясий күчтөрдү калытандырууга шарт түзүлүүдө. Фетхуллах Гүлен жана анын колдоочулары Түркияда 1980-жылдарга чейин өздөрүн диний топ катары көрсөтүп, бирок кийинчерээк саясий максаттарын коомго жана мамлекетке таңуулаганын унутпоо абзел. Кыргыз паспорттору гүленчилердин саясатка сүңгүп кирүүсүнө жардам берүүдө.

Үчүнчүдөн Кыргызстандын паспорту чет өлкөлөрдө, анын ичинде Түркияда кылмыш ишин жасап, бирок жоопкерчиликтен качкандар үчүн Кыргызстанда жашырынуу мүмкүнчүлүгүн түзүүдө. Мисалы, Фетхуллах Гүлендин тарапташтарына жалгыз эле Түркияда 2016-жылкы төңкөрүш аракетине байланыштуу күнөө коюлган жок. Буларга алдамчылык, салыкты жашыруу жана төлөөдөн качуу, кылмыштуу топторду каржылоо сыяктуу кылмыштар боюнча да Германия, Өзбексан сыяктуу өлкөлөрдө издөө жарыяланган.

Быйыл 19-октябрда Пезидент тарабынан 1207 кишиге Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүү тууралуу чечими жарыяланды. Ал тизмеде Орхан Инандынын кайниси Неджметтин Адемоглу да бар экенин көпчүлүк билбесе керек. Эң кызыгы Юстиция министрлигинин расмий сайтындагы маалыматтарга ылайык ал киши кыргыз жарандыгын алаар замат “Симбол Групп” аттуу курулуш фирмасына ээ болуп калгандыгында. Эми мындан ары ал өзү мүчө болгон ФЕТО уюмуна түздөн-түз финансылык колдоо көрсөтөөрү жана саясий жараяндарга аралашууга аракет кылаары турган иш.

Дагы бир кызыктуу жагдай, 2013-жылы Антикоррупциялык кызмат Орхан Инандынын кайниси Неджметтин Адемоглу негиздеген «Хас Курулуш» аттуу фирманын турак үйлөрдү сатууда салык жашыргандыгын жана мамлекетке 22 миллион сом зыян алып келгенин аныктаган. Ал эми 2019-жылы Мамлекеттик экотехинспекция Неджметтин Адемоглуна тиешелүү “Ак Шагыл” фирмасынын Жал кичирайонунда уруксатсыз үй курганын таап чыккан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз