Пятница, 26 апреля

Шайлоо: Алты партия алдыда келе жатат

0

3-декабрга карата БШК бюллетендердин 90% кол менен санап бүттү.

Маалыматка ылайык, 6 партия шайлоо босогосунан өттү.

Алар:

«Ата Журт Кыргызстан» -16,22%;

«Ишеним» -13,72%;

«Ынтымак» -11,25%;

«Альянс» -7,97%;

«Бүтүн Кыргызстан» -6,59%;

«Ыйман Нуру» -6,20%.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтүп, АСУнун алдын ала жыйынтыгы чыккан. Партия тизмеси боюнча беш пайыздык босогодон алты партия өткөн. Бир мандаттуу округ боюнча да алдын ала жыйынтык белгилүү болду. Акыркы жыйынтык протоколдордун баары кол менен эсептелип чыккандан кийин расмий жарыяланат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз