Четверг, 25 апреля

Рафаэль Физиев кийинки беттешке кайсы өлкөнүн желеги менен чыгат?

0

Мушкер Рафаэль Физиев 5-декабрда өтө турган UFC уюмундагы беттешине нейтралдуу статуста чыгат. Бул тууралуу мушкер «Ушатайка; Спорт Экспресс» ютуб каналына берген маегинде айтты.

«Бул суроо жоопсуз эле калсынчы. Мен мени колдогон күйөрмандарымдын өкүлүмүн. Жанымда жүргөндөрдүн, ММА күйөрмандарынын өкүлүмүн. Беттешке желеги жок чыгам», — деген Физиев.

Рафаэль Физиев 5-декабрда «UFC on ESPN 31» турниринин алкагында жаңы зеландиялык Брэд Ридделл аттуу балбан менен кез келет.

Рафаэль Физиев 14-октябрда мындан ары беттештерге Кыргыз өлкөсүнүн желеги астында чыкпаарын айтып, өлкөдөн көчүп кетери тууралуу кайрылуу жасаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз