Пятница, 19 апреля

Физиев атаандашын айланып тээп, нокаутка жөнөттү (видео)

0

Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев «UFC» мушташ уюмундагы бешинчи жеңишине жетишти.

Ал кечээ, 5-декабрда АКШнын Лас-Вегас шаарында жаңы зеландиялык Брэд Ридделл менен беттешкен. 3-раундда Физиев атаандашынын башына буту менен айланып тепкен жана калыс беттешти токтотууга мажбур болгон.

Физиев «UFC’деги» биринчи беттешинде жеңилип калгандан кийин 5 ирет катары менен жеңишке ээ болду.

Ал эми Брэд Риддел «UFC» уюмунда жеңилүү ызасын тарта элек болчу.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз