Пятница, 20 сентября

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады

0

Азыркы учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал жөндөлүүдө, өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады. Бул тууралуу Өкмөт Аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде оор жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталган соң, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун талкуулаган.

Жетишилген макулдашууга ылайык, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков баштаган делегация Нур-Султан (Казакстан Республикасы) шаарына жөнөтүлгөн. Эки өлкөнүн компетенттүү органдары дагы өз ара үзгүлтүксүз байланышта болушуп, маселени тезинен чечүүгө багытталышкан.

Нур-Султан шаарында бардык жолугушуулар ачык жана конструктивдүү негизде өттү.

Учурда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады. Казак тарап 2019-жылдын 5-апрелинен тартып калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааларды мурдагы режимде өткөрө баштады. Жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалардын топтотулушу боюнча маселе толук түрдө чечилүүсү күтүлүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз