Саясий өч алууларды артка калтырабыз десек экс-президент Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарыш керек», — деп бүгүн, 8-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.
Ал күч органдарынын өкүлдөрүнө кайрылды. «Негизи Жогорку Кеңештин депутаты жасаган иши, берген добушу боюнча жоопкерчиликке тартылбаш керек. Буга чейин баарыбызды Аскер прокуратурасына чакырып сурак алдыңар. Ошол жерде дагы Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров Суу кодекси боюнча мыйзам долбоорунда көрсөтмө берген эмес деп айтканбыз. Биз ошол сөзүбүзгө дагы деле турабыз. Шайлоо өттү, айкөл саясатка өтсөк болот эле. Бирөө бирөө менен телефондон сүйлөшүптүр, ушак айтты деп камай берсек Кыргыз өлкөсүндө саясатчы калбайт. Бакыт Жетигенов ак жеринен камалды. Адилеттүү карагыла. Жеңиш Молдакматов, Курсан Асанов ак жеринен отурушат. Саясий өч алууларды артка калтырабыз десек чын чынына келгенде экс-президент Алмазбек Атамбаевди дагы үй камагына чыгарыш керек. Ал эч жакка качып кетпей турган болгондон кийин, ар кандай суроолорго жоопторду алсак болот», — дейт ал.