Акылбек Жапаров Казакстандын биринчи президенти — Нурсултан Назарбаев менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Акылбек Жапаров жана Нурсултан Назарбаев эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулады, өзгөчө басым соода-экономикалык тармактагы маселелерге, атап айтканда, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү кеңейтүү маселесине жасалды.
Назарбаев өлкөлөр ортосундагы мамилени бир туугандык жана коңшулук жакын ымала бекемдеп турарын айткан.