Среда, 17 апреля

Жапаров: Биз сөзсүз ишибиздин өтөөсүнө чыгабыз

0

Президент Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө байланыштуу кайрылуу жолдоду. Кайрылуу өлкө башчынын расмий сайтына жарыяланды.

Мамлекет башчысынын кайрылуусу:

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Кадырлуу калайык-калк!

Азыркы ааламдашуу, пандемия шарттарында жемкордукка каршы күрөшүү маселелери актуалдуу бойдон калууда. Анткени алар дале болсо мамлекеттик мекемелер менен коомдук турмуштун туруктуулугуна коркунуч жаратып келет.

Жыл сайын 9-декабрда белгиленүүчү Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүн утурлай, Кыргыз Республикасы Бириккен улуттар уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча аракеттерди улантып жатат.

Кыргызстан өзүнүн эл аралык милдеттенмелерин аткарууда БУУнун кеңсеси менен биргеликте жогоруда аталган документтин алкагында талдоо-изилдөөлөрдү ийгиликтүү жүргүздү. Мындан тышкары, мамлекетибиз башка эл аралык антикоррупциялык уюмдардын да иш-чараларына жандуу катышууда. Ошол эле учурда, келечекте Кыргызстанды Европа кеңешинин Жемкордукка каршы күрөшкөн өлкөлөр тобуна киргизүү мүмкүнчүлүгү иликтенүүдө.

Ушул тапта республикабызда мамлекеттик кызматкерлердин декларация тапшыруу тартибин өркүндөтүү маселеси, алардын мүлкү тууралуу маалыматтарды текшерүүнү жакшыртуу, жемкордук көрүнүштөрүнө катыштыгы барларды расмий кызматтарга жолотпоо, бул маселелерди чечүүгө коомчулуктун катыштыгын кеңейтүү, калк арасында коррупцияга каршы стандарттарды жайылтуу чаралары артыкчылыктуу багыт катары каралууда.

Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин алдына коюлган тапшырманын негизинде азыр жаңы программалык документ иштелип чыгууда. Анда жүзөгө ашырыла турган тапшырмалар жана максаттар так белгилениши зарыл. Кыргызстандын жемкордукка каршы аракеттениши боюнча даярдалып жаткан жаңы улуттук стратегиясында аталган багыт эске алынат деген ойдомун.

Колдонуудагы мыйзамдардын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралары менен аракеттенүү тартиби толук жөнгө салынбай, мамлекеттик органдардын, кызмат адамдарынын жоопкерчилиги так белгиленген эмес, дал ошондуктан жемкорлорго каршы жүргүзгөн күрөшүбүз натыйжа бербей жатат.

Башкы прокуратура „Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө“ мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын алды. Ал декларативдүү гана мүнөздө болбой, учурдун жана дүйнөдөгү заманбап талаптарга жооп бериши керек.

Эмки жылдын башында ушул жана башка долбоорлорду жүзөгө ашыралы деген ниеттебиз.

Биз өлкөдөгү жемкордукту жоюу саясатына зор маани берип, сөзсүз ишибиздин өтөөсүнө чыгабыз. Өлкөнүн өнүгүүсүнө залакасын тийгизип жаткан коррупциялык көрүнүштөрдү ооздуктоого саясий эрк жетиштүү! Биздин бул жааттагы иш-аракеттерибиз элибиздин жашоо-турмушунун сапатын көтөрүүгө, мамлекеттик аппараттын ишин жакшыртууга, бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу сарптоого багытталат!».

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз