Четверг, 19 сентября

Швейцария жаңы президентин шайлады

0

Швейцариянын парламенти тышкы иштер министри Иньяцио Кассисти өлкөнүн жаңы президенти кылып шайлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Кассис 2022-жылдын 1-январында Швейцариянын учурдагы лидери Ги Пармелендин ордуна келет. 60 жаштагы тышкы иштер министрин тандоо чындыгында формалдуу көрүнүш, анткени ал бир жыл мурун вице-президент болуп шайланган.

Швейцарияда парламент федералдык кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен президентти бир жылдык мөөнөткө шайлайт. Учурдагы президент формалдуу мамлекет башчысы болуп саналат, анткени өлкөнүн негизги өкмөтүн федералдык кеңеш жүргүзөт. Эрежеге ылайык, президент экинчи мөөнөткө шайлана албайт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз