Воскресенье, 8 сентября

Боомдо тосмону сүзгөн унаа өрттөнүп кетти (Видео)

0

Боомдо унаа өрттөнүп, үч адам жабыркады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Унаанын ичинде 5 жаран болгон.

ӨКМдин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, 9-декабрда Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 114-чакырымында «Ауди С4» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай жолдон чыгып, тосмону сүзүп, унаадан өрт чыккан. Анын кесепетинен 3 адам: 1986-жылы туулган Ө.Д. (аял) денесинен күйүк, 1946-жылы туулган М.К. жана 1985-жылы туулган М.М. (экөө тең эркек) жаракат алып, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.

Ал эми өрт саат 10:05те толук өчүрүлгөн. Өрттү өчүрүүгө Кемин райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз