Четверг, 19 сентября

Бир суткада 53 кишиден вирус аныкталып, 2 бейтап каза болду

0

Кыргызстанда 10-декабря карата коронавирус дагы 53 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, анын ичинде Бишкек шаарында — 25, Чүй облусунда — 15, Ош облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 3, Баткен облусунда — 4, Жалал-Абат облусунда — 4 адамдан илдет табылган.

«Ал эми бир суткада 54 адам илдеттен сакайды, анын ичинде Бишкек шаарында — 15, Чүй облусунда — 10, Ош облусунда — 5, Ысык-Көл облусунда — 14, Баткен облусунда — 3, Жалал-Абад облусунда — 7 бейтап айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Сутка ичинде Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда бирден бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 363 бейтап, амбулатордук түрдө 346 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 183 миң 863 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 178 миң 905 киши айыгып чыкса, 2 миң 766 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз