Суббота, 4 мая

Добуштар кайрадан санала турчу тилкелер аныкталды (ТИЗМЕ)

0

Кыргызстанда парламенттик шайлоонун жыйынтыгын тактоо иши уланууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын 9-декабрдагы отурумунда добуштар кайра саналып чыга турган шайлоо участокторунун тизмеси жана графиги бекитилди. Бул туурасындагы маалымат аталган мекеменин расмий сайтына жарыяланды.

Добуштар санала турчу шайлоо тилкелер:

Ош облусу: Көк-Жар, Ноокат, Араван, Ош жана Төлөйкөн округдары,

Жалал-Абад облусу:  Жалал-Абад, Сузак, Токтогул округдары,

Талас облусу:  Манас, Талас округдары,

Чүй облсу: Ысык-Ата,

Нарын облусу: Кочкор

Ысык-Көл облусу:  Ысык-Көл округу.

БШКнын графигине караганда, добуштарды кайра саноо 10-11-декабрда жүргүзүлөт. Ага партиялардын өкүлдөрү, байкоочулар жана журналисттер катыша алат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз