Суббота, 18 мая

Сох анклавында аэропорт иштей баштады

0

Кыргызстандын аймагындагы Сох анклавында аэропорт иштей баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, Фергана-Сох- Ферегана каттамы тынымсыз учуп турат.

Учак дүйшөмбү жана жума күндөрү учат. Ан-2 учагы 30 мүнөттө Сохтон Ферганага жүргүнчүлөрдү жеткирип турары айтылган.

Белгилей кетсек, Сох Өзбекстандын Кыргызстандагы аймагы. Өзбек тарап буга чейин Сохко коридор ачууну суранып келген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз