Пятница, 22 ноября

Аскар Акаев Кыргыз өлкөсүнө эмнеге келгени белгилүү болду

0

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргыз өлкөсүнө Кумтөр иши боюнча келген. Бул тууралуу мурдагы министр Бекболот Талгарбеков билдирди.

«Акаевди эч ким суракка чакырган жок. Ал өзү Кумтөр боюнча иштерди бүтүргөнү келди. Ал УКМКга качан барары белгисиз. Ал кайра 3-4 күндө кетет», — деди Талгарбеков.

Өлкөнүн туңгуч президенти Аскар Акаев Кыргыз өлкөсүнө бүгүн, 14-декабрда келген.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген.

Ошондой эле «Кумтөр» иши боюнча кол коюлган документтер боюнча видео кайрылуу жасап кечирим сураган. 8-августта Аскар Акаев Бишкек-Москва багыты боюнча учуп кеткен.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз