Пятница, 3 мая

Коронавирус дагы эки адамдын өмүрүн алды

0

Өлкөдө сутка ичинде коронавирус дагы 28 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 13, Чүй облусунда – 4, Ош облусунда – 1, Ысык-Көл облусунда – 2, Жалал-Абад облусунда – 6, Баткен облусунда – 2 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 43 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 317 бейтап, амбулатордук түрдө 354 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 55 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 123 киши айыгып чыкса, 2 миң 775 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз