Вторник, 30 апреля

Орхан Инандынын чоң саясаты башталгыч класстан башталабы? (Фото)

0

Ата-энелер ФЕТО уюмунун Кыргызстандагы жетекчиси Орхан Инандынын сөздөрүнүн мектептерде окутулушуна нааразы. Айрым ата-энелер редакциябызга кайрылып 2-класстын кыргыз тили китебинде Орхан Инандынын сөздөрүнүн орун алгандыгын, мындай күмөндүү кишилердин окуу куралында болушу кооптуу экенин айтышууда. Билим берүү тармагынын саясаттан алыс болуусу керек экенин эскертишүүдө.

Ата-энелер жиберген сүрөттөрдө 2-класстын кыргыз тили китебинде Орхан Инандынын сөздөрүн көрүүгө болот.

Айрым адистердин айтымында ФЕТО уюму Түркияда өзүнүн идеологиялык жайылуусун так ушул билим берүү тармагынан баштаган. Орхан Инанды жана ФЕТО уюмунун Кыргызстандын саясий айдыңында да чоң күчкө ээ экени маалым. Орхан Инанды түрк атайын кызматтары тарабынан Түркияга алынып кеткенден кийин гүленчилердин кыргыз бийлигине эбегейсиз басып көрсөтө алганы байкалган.

АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүлен жана анын тарапташтары 2016-жылы түрк бийлигин оодарууга аракет кылган. 15-июль 2016-жылдагы төңкөрүш аракетине ФЕТО уюмунун 8 миң 651  мүчөсү катышкан. Колдорундагы бардык мүмкүнчүлүктү, аскерий курал-жаракты колдонушкан. Натыйжада алардын бул аракетине каршы чыккан 251 түрк жараны курман болгон.

 

 

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз