Нарын облусунун Жумгал районундагы Кара-Кече көмүр кенинде көмүр казуу бир жумага токтотулду. Бул тууралуу «Кыргыз көмүр» ишканасы маалымдады.
«15-декабрдан 20-декабрга чейин «Кара-Кечеде» тазалоо иштери жүрөт. Ушул себептен көмүр бир жумадан кийин, тагыраагы 20-декабрда бериле баштайт. Ал эми Бишкек ЖЭБине көмүр үзгүлтүксүз берилүүдө», — деп билдиришти аталган ишканадан.