Вторник, 7 мая

Коронавирус илдети дагы 23 адамдан табылды

0

Сутка ичинде дагы 23 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 19, Ош шаары – 1, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда — 1 адамдан илдет табылган.

Ал эми бир суткада 29 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 301 бейтап, амбулатордук түрдө 338 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 218 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 311 киши айыгып чыкса, 2 миң 784 адам каза болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз